Ош шаарынын эски базарынын орду маданий аянтча болот

Ош шаарынын эски базарынын орду маданий аянтча болот

Ош шаарында жаңы мэр Жанарбек Акаев мурда эски базар жайгашкан аймактын келечеги тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, бул жерге базар кайра кайтарылбайт — чечим биротоло кабыл алынган.

Акаев шаар бийлиги бул аймакты кайрадан башаламан соода жайына айлантууга жол бербей турганын баса белгиледи.

"Бул жерде эч кандай базар болбойт. Кийим-кече соодасы да, эски базар да кайтып келбейт. Базар көчүрүлгөн, кайра келбейт. Бул аймакты кайрадан базарга айландырууга жол бербейбиз", — деди мэр.

Анын айтымында, базардын ордуна аймак туристтерге жана кол өнөрчүлөргө багытталган чакан, заманбап мейкиндикке айландырылат.

"Бул жерде биздин усталар үчүн гана чакан аймак болот. Туристтер басып өтүп, көрүп, буюм сатып ала алышат. Бул соода эмес, маданий аянтча болот. Заманбап, тыкан жана ыңгайлуу", — деди Акаев.

Мэриядан билдиришкендей, долбоор учурда талкууланып жатат. Негизги максат — шаардын туристтик инфраструктурасына шайкеш келген таза жана көрктөндүрүлгөн мейкиндик түзүү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды