Latest

Бишкекте кыргыз-пакистан өкмөттөр эки макулдашууга кол койду

Экономика

Бишкекте кыргыз-пакистан өкмөттөр эки макулдашууга кол койду

Бишкекте соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ошондой эле туризм, маданият жана спорт, ошондой эле телерадиоберүү тармагында кызматташууну арттыруу боюнча иштерди улантууну сунуштады, бул эки элдин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды жана достукту чыңдоого гана эмес,

Өкмөт өлкөнүн фармацевтикалык өнөр жай тармагын өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Бизнес

Өкмөт өлкөнүн фармацевтикалык өнөр жай тармагын өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы астында Кыргызстандын фармацевтикалык өнөр жай ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди. Минкаб төрагасынын орун басары мамлекеттик колдоонун негизги максаты Кыргызстандын фармацевтика тармагын өнүктүрүү жана ата мекендик сапаттуу дары-дармектердин өндүрүшүн коргоо үчүн зарыл болгон өз мөөнөтүндөгү жана натыйжалуу чараларды

Тышкы карыз график менен төлөнүшү керек – Улуттук банктын алтыны кредиттерди мөөнөтүнөн мурда жабууга багытталбайт

Экономика

Тышкы карыз график менен төлөнүшү керек – Улуттук банктын алтыны кредиттерди мөөнөтүнөн мурда жабууга багытталбайт

Соңку убакытта Кыргызстандын тышкы карызы темасы күн тартибине көп көтөрүлүүдө. Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени чечүүдө өлкөнүн алтын-валюта резервин пайдаланууну сунуштоодо. Финансы министри Алмаз Бакетаев өкмөттүн карызы мөөнөтүнөн мурда төлөнсө үстөк пайыздары жогорулап кетерин түшүндүргөнгө аракет кылган. Мындан тышкары, Улуттук банктын алтыны буга багытталбагандыктан, аны бардык керектөөлөргө жумшоо мүмкүн эмес.

«Альянс» фракциясынын депутаттары Баткен менен Ошко барышты

Бийлик

«Альянс» фракциясынын депутаттары Баткен менен Ошко барышты

8-ноябрдан тартып “Альянс” парламенттик фракциясынын депутаттары Баткен жана Ош облустарына эки күндүк иш сапары менен болууда. Бул тууралуу парламент билдирди. Депутаттар Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда, Ноокат районунда, Баткен облусунун Баткен районунда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүштү. Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 2023-жылдын 9-14-ноябрь күндөрү

Бишкектин мэриясы Кореянын элчилиги менен меморандумга кол койду

Гранттар жана кредиттер

Бишкектин мэриясы Кореянын элчилиги менен меморандумга кол койду

Бишкектин мэриясы менен Кореянын элчилигинин ортосунда Достук паркын көрктөндүрүү жана техникалык жардам көрсөтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Борбор калаанын мэри Кореянын элчилиги менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, ошондой эле KOICA эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттиги менен

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Парижге келди

Бийлик

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Парижге келди

Президент Садыр Жапаров Парижге келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета саммитинин» ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат. Мындан тышкары Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Нурдан Орунтаев Мамкурулуштун жетекчиси болуп дайындалды

Бийлик

Нурдан Орунтаев Мамкурулуштун жетекчиси болуп дайындалды

Нурдан Орунтаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Орунтаев буга чейин ИИМде иштеп, андан кийин баш кааланын вице-мэри болуп эмгектенген.

LoongAir авиакомпаниясы Бишкек – Чэнду багыты боюнча каттамдарды ачат

Коом

LoongAir авиакомпаниясы Бишкек – Чэнду багыты боюнча каттамдарды ачат

2023-жылдын 12-декабрнан баштап «МАМ» ААК Бишкектен Чэндуга каттамдарды ачат. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди. Каттамдарды Кытайдын LoongAir авиакомпаниясы ишке ашырат. Эми бул авиакомпания Бишкектен Кытайдын Сиань шаарына учат. Чэндуга каттамдар жумасына эки жолу - шейшемби жана ишемби күндөрү - 12-декабрдан 30-мартка чейин аткарылат.

Депутат Замирбек Мамасадыков Аксы, Ноокен райондорундагы курулуштар менен таанышты

Коом

Депутат Замирбек Мамасадыков Аксы, Ноокен райондорундагы курулуштар менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков Аксы, Ноокен райондорундагы жана Шамалды-Сай шаарчасындагы бир нече социалдык объекттердин курулуштары менен жеринде таанышты. Бул тууралуу парламент билдирди. Депутаттын иш сапарындагы алгачкы кыдыруу Жар-Башы айылындагы №32 Кожобеков атындагы 375 орундуу жаңы мектептин курулушунда болду. Андан ары ал 111-кесиптик лицейиндеги капиталдык оңдоо иштери менен таанышты. Шамалды-Сай

Кыргыз-герман бизнес-форумунда 13 документке кол коюлду

Бизнес

Кыргыз-герман бизнес-форумунда 13 документке кол коюлду

«Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономикасынын күнү» кыргыз-герман бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу минкаб билдирди. Алар төмөндөгүлөр: • Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Германиянын орто бизнес федералдык союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; • Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Sitex Group ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; • Санариптик

Өкмөт германиялык инвесторлорду Кыргызстанга чакырды

Бизнес

Өкмөт германиялык инвесторлорду Кыргызстанга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Гамбургда болгон жумушчу сапарынын алкагында «Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономикасынын күнү” кыргыз-герман бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди. «Акыркы жылдардагы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун ырааттуу динамикасын канааттануу менен белгилегим келет. Соода-экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташууну жүзөгө ашырууга болгон олуттуу мамилебизди ырастап, мен жеке

Кыргызстан менен Өзбекстан темир жол маселелерин талкуулашты

Транспорт

Кыргызстан менен Өзбекстан темир жол маселелерин талкуулашты

2023-жылдын 31-октябрында Ташкентте «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин башкы директору Азамат Сакиев менен «Өзбекстан темир йуллари» АК башкармалыгынын төрагасы Зуфар Нарзуллаевдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мекеме билдирди. Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы темир жол тармагындагы кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды. Эл аралык транспорттук каттамдарды натыйжалуу пайдаланууга жана жүк