
Экономика
Бишкек менен Улан-Батордун жетекчилери жолугушту
Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыров менен Улан-Батордун мэри Хишгээ Нямбаатардын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров конокторду жылуу кабыл алып, Улан-Батор шаары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясы менен Улан-Батор шаарынын мэриясынын биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууда,