Бийлик
Прокуратуранын тергөө функциялары чектелди – депутаттар мыйзамды колдоп беришти
2023-жылдын 29-июндагы Жогорку Кеңеш «КРнын прокуратурасы жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзам прокурордук көзөмөлдүн чегинен чыккан, анын ичинде Конституциянын айрым ченемдерине карама-каршы келген прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу максатында даярдалган. Тагыраагы, тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салууга багытталган. Талкууда