Бийлик
Базар-Коргон районунун башкы салыкчысы кармалды
УКМК Салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы Касымжан Дыйканбаевди кармады. Бул тууралуу мекеме билдирди. Такталгандай, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Базар-Коргон районунун базарларындагы жеке ишкерлерден салык инспекторлору тарабынан системалуу түрдө акча чогултуу боюнча