Бийлик
Улуттук илимдер академиясынын ишин жөнгө салган токтом кабыл алынды
Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын (УИА) ишмердүүлүгүнө байланыштуу токтом кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган токтом менен Улуттук илимдер академиясынын уставы, илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү координациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жобо, ошондой эле УИАнын мүчөлөрүн шайлоо тартиби тууралуу