Экономика
Кыргызстанда 411 мыйзамсыз таштанды жайлары 290го кыскарды
Кыргызстанда башаламан таштанды төгүлгөн жайларды кыскартуу боюнча иштер уланып жатканын агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жыйында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медербек Машиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө административдик-аймактык реформа (ААР) улантылып жатат. "Мурда өлкө боюнча 411 мыйзамсыз, башаламан таштанды жайы