Бийлик

Анжиянда кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын сүйлөшүүлөрү өттү

Бийлик

Анжиянда кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын сүйлөшүүлөрү өттү

2023-жылдын 21-ноябрынан 26-ноябрына чейин Өзбекстандын Анжиян шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы эки мамлекеттин өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде жеринде изилдөө иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Кыргызстан менен Өзбекстан жарандыгы алмаштырууну каалагандардын санын такаташат

Бийлик

Кыргызстан менен Өзбекстан жарандыгы алмаштырууну каалагандардын санын такаташат

2023-жылдын 14-15-ноябрында Ферганада санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү Өзбекстандын жумушчу тобу менен жолушуту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандарды документтештирүү, КРнын жана Өзбекстандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгуу боюнча кайрылууну каалаган жарандардын санын тактоо үчүн маалымат алмашуу, ошондой эле эки өлкөнүн чек арадагы калктуу конуштарынын резиденттердин

Кыргызстан Түркия менен диаспоралар аркылуу кызматташууну талкуулады

Бийлик

Кыргызстан Түркия менен диаспоралар аркылуу кызматташууну талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар уюмунун президенти Абдулла Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу мекеме билдирди. Такталгандай, Гүлнара Баатырова Түркия менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. «Биз диаспоралар ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Эмгек министрлиги чет өлкөлөрдө мыйзамдуу ишке орноштуруу жана кесиптик билим

Президент Азербайжанга келди – делегациянын курамы

Бийлик

Президент Азербайжанга келди – делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда, БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар: ·         тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; ·         президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; ·         Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмонали

Акылбек Жапаров: Мамлекеттик мекемелер толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү

Бийлик

Акылбек Жапаров: Мамлекеттик мекемелер толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдөгү санариптештирүү тармагында жүргүзулүп жаткан иштерге токтолду. Өз сөзүндө Акылбек Жапаров мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн ири багыты – мамлекеттик башкарууда санариптештирүү экендигин айтты. “Толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттүк, бардык чечимдер санарип форматка өткөрүлөт. Маселен бир депутаттын кайрылуусун системада кимдин колунда экенин көрүүгө болот.

Акылбек Жапаров: 2030-жылга чейин ири суммадагы карызды төлөйбүз

Бийлик

Акылбек Жапаров: 2030-жылга чейин ири суммадагы карызды төлөйбүз

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөнүн тышкы карызын төлөөдөгү иштерге токтолду. Жапаров тышкы карыздан четтеп кете албаарын, учурда карыз төлөөнүн эң жогорку тепкичке жеткенин билдирди. “2030-жылга чейин ири суммалардагы карызды төлөйбүз: 2023-ж. – 344 млн долл, 2024-ж. – 400 млн долл, 2025-ж. – 430 млн долл, 2026-ж. – 390 млн долл.

Президент Садыр Жапаров Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту

Бийлик

Президент Садыр Жапаров Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту

Президент Садыр Жапаров, 22-ноябрда, Минск шаарында Беларусь президент Александр Лукашенко менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы сессиясынын күн тартибин талкуулашты. Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы өз

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктады

Бийлик

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында республикалык бюджеттин аткарылышы жана алдыдагы жылдардын бюжети тууралуу маалымат берип жатып, мамлекеттик чек арада жана күч түзүмдөрүндө жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Өз сөзүндө Акылбек Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктаганын, ал эми кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо иштери эки өлкөнүн

Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Бийлик

Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Чыныберди Төлөнов ант берүү аземи болуп өттү. Эске салсак, ал депутат Фархат Исмаиловдун ордуна келген.

Акылбек Жапаров президенттин жетекчилиги астында экономиканын болуп көрбөгөндөй өсүшү тууралуу айтып берди

Бийлик

Акылбек Жапаров президенттин жетекчилиги астында экономиканын болуп көрбөгөндөй өсүшү тууралуу айтып берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, 2022-жылга республикалык бюджеттин  аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча отчетту кароонун алкагында, Жогорку Кеңештин жыйынында баяндама жасады. Министрлер кабинетинин башчысы 2010-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын ИДПсы 419.3 млрд сомго өскөнүн, ал эми акыркы үч жылда, 2021-2023-жылдары өсүш 439 млрд сомду түзгөнүн белгиледи.  Калктын жан

Минкаб коррупция менен күрөшүүнү негизги жетишкендик деп эсептейт

Бийлик

Минкаб коррупция менен күрөшүүнү негизги жетишкендик деп эсептейт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту, 2023-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо алкагында президенттин негизги жетишкендиги катары саясий корррупцияны демонтаждоо болгондугун айтты. «Анын эң башкы далили – Кумтөр, ал элге кайтарылды: Мындан тышкары Мегаком (300 млн$), Бител (75 млн$), Манас банк

Максатбек Саргазаков МКЖӨАБ мамагенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Бийлик

Максатбек Саргазаков МКЖӨАБ мамагенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Максатбек Саргазаков Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Эске салсак, Саргазаков Бишкектин Свердлов районунун акими болуп эмгектенген.