Акылбек Жапаров: Мамлекеттик мекемелер толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү

Акылбек Жапаров: Мамлекеттик мекемелер толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдөгү санариптештирүү тармагында жүргүзулүп жаткан иштерге токтолду.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн ири багыты – мамлекеттик башкарууда санариптештирүү экендигин айтты.

“Толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттүк, бардык чечимдер санарип форматка өткөрүлөт. Маселен бир депутаттын кайрылуусун системада кимдин колунда экенин көрүүгө болот. Мамлекеттик кызматтар санариптик форматта реалдуу ишке кирди. Түндүктүн мобилдик тиркемелери, справкалар, санариптик документтер, банктардын тиркемелери, каттоо, электрондук нотариат кеңири кирди. Ал гана ңмес электрондук документтерди телефондон көрүүгө болот”, - деди Акылбек Жапаров.

Минкаб төрагасы санариптештирүү аркылуу жарандардын пропискасы боюнча гана эмес, ким канча бензинди керектегенин дагы билүүгө болоорун кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда мигранттарды кабыл алууну чектей турган мыйзам кабыл алынды

Россияда мигранттарды кабыл алууну чектей турган мыйзам кабыл алынды

Россия президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жумушчулар менен эмгек келишимин токтотуу негиздерин кеңейте турган мыйзамга кол койгону маалым болду.  Эми жумуш берүүчүлөр жумуш орундарына болгон аймактык лимиттен ашкан учурда эмгек келишимин токтото алышат. Бул документ менен Россия Федерациясынын Эмгек кодексинин 327.6-беренесине өзгөртүүлөр кирет. Мыйзам 2026-жылдын 1-мартында күчүнө кирет. Бул

Б.Төрөбаев: Айыл чарба кызматкерлери жоопкерчиликти күчөтүүгө тийиш

Б.Төрөбаев: Айыл чарба кызматкерлери жоопкерчиликти күчөтүүгө тийиш

15-ноябрда Сокулук районундагы Кыргыз мамлекеттик асыл-тукум заводунда заманбап айыл чарба техникаларын тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Министр Бакыт Төрөбаев кызматкерлерге кайрылып, айыл жергесинде жашаган калктын турмушун жакшыртуу кызматкерлердин негизги милдети экенин белгиледи:

Өлкөдө 40 миң 968 адам расмий жумушсуз деп катталган

Өлкөдө 40 миң 968 адам расмий жумушсуз деп катталган

Кыргызстанда 40 миң 968 жаран расмий жумушсуз деп катталганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткүл Мукамбетова “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.  Анын айтымында, бул мыйзам чегинде документтери туура болуп,  расмий түрдө катталган жарандар. Ал эми

Бишкекте БАРЭК бизнес-форуму башталды

Бишкекте БАРЭК бизнес-форуму башталды

Бишкек шаарында Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтык программасынын (БАРЭК) эки күндүк бизнес-форуму өз ишин баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Форумдун катышуучуларын тосуп жатып, Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков бул бизнес-форум дээрлик 15 жылдан кийинки биринчи ирет өткөрүлүп жатканын белгиледи. Министрдин айтымында, иш-чара Кыргыз Республикасы