Экономика
ЕАЭБ жеңилдиктери: Кыргызстан эт, кант, мөмө жемиштер боюнча бажы салыгын төлөбөйт
2026-жылдын 30-январында ЕЭК Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин колдоого багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды. Кабыл алынган документтерге ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына ички керектөө жана өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн алып келинген социалдык жана экономикалык жактан маанилүү айрым товарларга карата киргизүүчү бажы төлөмдөрүнөн бошотуу түрүндөгү тарифтик