Бизнес
Кыргызстандык Кундуз Курбанкулова жүндөн жер семирткич чыгарып жатат
2025-жылдан тарта ишкер Кундуз Курбанкулова койдун жүнүн кайра иштетүү аркылуу дыйкандар үчүн экологиялык таза жер семирткич өндүрүп, сатыкка чыгара баштаган. Анын өндүрүшү менен Айыл чарба министрлигинин Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти таанышып чыкты. Бул продукция топурактын түшүмдүүлүгүн жогорулатып, нымдуулукту сактоого жардам берет жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет.