Экономика
Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорту 200 млн долларга жакындады
Кыргызстандын жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорту дээрлик 200 млн долларга (болжол менен 17,1 миллиард сом) жеткенин парктын директору Азис Абакиров билдирди. Анын айтымында, ИТ-компаниялардын экспорт көлөмү өлкөнүн жалпы экспортунун болжол менен 7%ын, ал эми ички дүң продукциясынын (ИДП) дээрлик 1%ын түзөт. Азис Абакиров белгилегендей, масштаб жагынан бул