Гранттар жана кредиттер
Быйыл жарым жылда финансы уюмдарынын кирешеси 60 млрд сомду түздү – 32%га өстү
2023-жылдын январь-июнунда экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 32%га көбөйүү менен 61 млрд сомду түздү. Мындай маалыматты Улутстатком берди. Улутстатком бул коммерциялык банктардын кирешелеринин өсүшү менен камсыз болгонун билдирди. Ошол эле кезде финансы секторунун уюмдарынын жалпы чыгымдары 37%га көбөйүп, 38 млрд сомго жакындаган.