Гранттар жана кредиттер
ӨКӨФ Алайда кичи ГЭСтин курулушуна 4.2 млн доллар бөлүп берет
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Ош облусунун Алай районундагы Гүльча дарыясына кичи ГЭСтин курулушуна 4.2 млн доллар бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди. Долбоорду «Алай Гидро» ЖЧКсы ишке ашырууда. Тогуз мегаватт кубаттуулуктагы жаңы ГЭС Алай районунун электр энергиясына болгон муктаждыгынын 86%ын камсыздайт. Станцияда заманбап жогорку технологиялык жабдуулар