Гранттар жана кредиттер
Бишкекте 45 кабаттуу имарат курулат – Садыр Жапаров мезгил кутусун салды
Президент Садыр Жапаров көп функциялуу Manas Tower 45 мейманкана комплексинин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, курулушту 2.5-3 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда. Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттуу имараттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары