Коом
«Манас» аэропортунда Абу-Дабиден биринчи каттамды суу аркасы менен тосуп алышты
«Манас» эл аралык аэропортунда Абу-Дабиден учкан алгачкы учакты суу аркасы менен салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-июнунда, Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби багыты боюнча Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын биринчи үзгүлтүксүз каттамы учуп келди. Эми жүргүнчүлөр Бириккен Араб Эмираттарынын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат. Каттамдын