Коом

Нарынга жаңы автобекет курулат

Коом

Нарынга жаңы автобекет курулат

Нарынга жаңы автобекет курулат. Бул тууралуу облустун администрациясы билдирди. Такталгандай, курулуш «Нарын – реновация» долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Жаңы автобекет Нарын шаарынын Москва чөлкөмүнөн кире беришине, «Жеңиш» паркынын чыгыш тарабына курулат. Ал эми эски автобекет толугу менен реконструкцияланып, балдар үчүн заманбап эс алуу борборуна айланат. Учурда долбоорду ишке ашыруу аракети көрүлүүдө.

Бишкекте кезектеги мамлекеттик дарыкана ачылды

Коом

Бишкекте кезектеги мамлекеттик дарыкана ачылды

2024-жылдын 12-февралында Студенттер үчүн шаардык дарылоо-профилактикалык бейтапканасында дагы бир мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Министр Алымкадыр Бейшеналиев мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи. «Бул 66-мамлекеттик дарыкана, жакынкы күндөрү Ош шаарында жана Сузак районунда дагы үч дарыкана ачуу пландалууда жана жыл аягына чейин

Аксы окуяларында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү 800 сомго көбөйтүлдү

Коом

Аксы окуяларында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү 800 сомго көбөйтүлдү

Аксы окуяларында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Такталгандай, министрлер кабинетинин токтому менен 2024-жылдын 5-февралынан тартып Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-март окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Жөлөкпулдун

Чолпон-Атанын экс-мэри Көлбаевге 10 млн сомдук жер тилкесин мыйзамсыз берген – УКМК

Коом

Чолпон-Атанын экс-мэри Көлбаевге 10 млн сомдук жер тилкесин мыйзамсыз берген – УКМК

Уюшкан кылмыштуу топтун  лидери маркум Камчы Асанбекке Чолпон-Атадагы 10 млн сомдон ашык жер тилкесин берүүгө тиешеси бар, Чолпон-Атанын экс-мэри И.Б.Ш. тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Аталган И.Б.Ш.нын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал

26 миңден ашуун кыргызстандык Улуу Британияда иштөө үчүн арыз берген

Коом

26 миңден ашуун кыргызстандык Улуу Британияда иштөө үчүн арыз берген

Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британиянын айыл чарбасында сезондук ишке орноштуруунун программасына катышууну каалаган кыргызстандыктарды Hops Labor Ltd оператору аркылуу онлайн-каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди. Жети сааттык каттоодо 26 170 адам өз арыздарын беришкен, алардын ичинен 14 735 адам оператор тарабынан  биринчи тандоо этабынан ийгиликтүү

Үйдөн чыкпай жаңы паспорттун даяр болгондугун кантип билсе болот – нускама

Коом

Үйдөн чыкпай жаңы паспорттун даяр болгондугун кантип билсе болот – нускама

Паспорт алуу үчүн документ тапшырган жарандар электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу онлайн текшерип алганга мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу СӨМ билдирди. Мекеме белгилегендей, ал үчүн жарандын жеке идентификациялык номерин терип, «Текшерүү» баскычын басуу керек. Ошондой эле, Порталда жарандын паспортунун аныктыгын текшерип алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ал үчүн жеке идентификациялык номерди, паспорттун

Акылбек Жапаров Бишкектеги ЖЭБтеги авариянын кесепеттерин жоюунун жүрүшүн текшерди

Коом

Акылбек Жапаров Бишкектеги ЖЭБтеги авариянын кесепеттерин жоюунун жүрүшүн текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу минкаб билдирди. Анда минкаб башчысына ушул жылдын 8-февралына карата Жылуулук электр борборунда жалпы активдүү кубаттуулук 300 МВтты түзүп, 9 от казан жана 4 турбоагрегат иштеп жатканы туурасында маалымат берилди. «Бишкек жылуулук

Бишкектеги курулуш объектилеринин санитардык нормаларга шайкештиги текшерилди

Коом

Бишкектеги курулуш объектилеринин санитардык нормаларга шайкештиги текшерилди

Инспекция курулуш аянтчаларын жана дөңгөлөктөрүн топурактан тазалабай, аянттан чыгып жаткан оор жүк ташуучу унаалардын санитардык нормалардын жана көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын катуу көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы эскертти. Текшерүү учурунда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жеринде протоколдор түзүлүп, эскертүү иретинде бардык чарбалык субъекттерге жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге жакшыртуу эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо

Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 300 МВт түздү

Коом

Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 300 МВт түздү

2024-жылдын 8 февралына карата Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 300 МВт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Такталгандай, 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат. Бүгүнкү күндө, Бишкекжылуулуктармагы штаттык режимде иштеп жатат. Бардык арыздар тез арада каралып жатат. Учурда бардык абоненттер жылытуу жана ысык суу системасына кошулган.

2024-жылга «санариптик экономикага» 600 млн сом каралды

Коом

2024-жылга «санариптик экономикага» 600 млн сом каралды

2024-жылга Кыргызстандын санариптик трансформациялоонун алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн «Санариптик экономикага» 600 млн сом суммасында каражат каралды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. 2023-жылы «Санариптик экономикага» Кыргызстандын санариптик трансформациялоонун алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 500 млн сом суммасында каражат каралган. Бөлүнгөн каражаттар жаңы маалыматтык системаларды иштеп чыгууга, колдонуудагы маалыматтык

Салык кызматынын лотереясы боюнча алдын ала жыйынтыгы чыкты

Коом

Салык кызматынын лотереясы боюнча алдын ала жыйынтыгы чыкты

2023-жылдын 25-30-декабрында өткөн «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча 1 244 баалуу байгенин жеңүүчүлөрү аныкталган. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Лотереянын шарттарына ылайык, утуш аяктагандан кийин ведомстволор аралык байкоочу комиссия жеңүүчүлөрдүн лотереяга катышуу эрежелерин сактагандыгын текшерет. Эгерде, жеңүүчү тарабынан мыйзам бузуу

Бажыда «автотетиктер» катары алып келинген унаалар аныкталды

Коом

Бажыда «автотетиктер» катары алып келинген унаалар аныкталды

«Түндүк-Чыгыш» бажысынында жеңил автоунаа каражаттарын бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу менен ташып келүүнүн жөнгө салынган схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө «автотетиктер» катары жүк жөнүндө жалган маалыматтарды берүү менен КРнын аймагына автоунааларды бөлүнгөн түрдө алып келүү жолу менен бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактылары аныкталган. Ошол эле