Коом
Бала бакчанын ордуна турак жай салган курулуш компаниянын ээси кармалды
Бишкекте «О» ЖЧКсы бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакчанын ордуна турак жайлар салынганы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, «Бишкекбашкыархитектура» МИнин жана «Кадастр» МИнин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөн. “Бул адамдар белгиленген максатты бузуу менен архитектуралык-пландоо шарттарын