Кыргызстан авиациясында "кара тизмеден" чыгуу боюнча олуттуу жылыш бар

Кыргызстан авиациясында "кара тизмеден" чыгуу боюнча олуттуу жылыш бар

Европа комиссиясы жана Евробиримдиктин Учуу коопсуздугу боюнча комитети (EU Air Safety Committee) КРнын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине 2025-жылы авиациялык коопсуздук тармагында жетишилген олуттуу прогресс үчүн расмий кат жөнөткөнүн агенттиктин жетекчиси Данияр Бостонов билдирди.

Катта мыйзамдарды реформалоо, институттук мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо, инспекторлордун санын көбөйтүү жана көзөмөлдүн заманбап жол-жоболорун киргизүү сыяктуу жетишкендиктер белгиленген.

Бул Евробиримдиктин авиациялык “кара тизмесинде” турган 19 жыл ичиндеги Евробиримдиктин Учуу коопсуздугу боюнча комитетинен алынган алгачкы оң мүнөздөгү кат болуп эсептелет.

Эгерде кийинки жылдын жаз айларында Евробиримдиктин миссиясы улуттук жарандык авиация системасынын даярдыгын тастыктаса, Кыргызстан тарыхындагы авиация тармагы үчүн эң маанилүү чечимдердин бирине жакындай алат.

Буга чейин Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Брюсселде учуу коопсуздугун көзөмөлдөө тармагындагы реформалардын жыйынтыктарын ийгиликтүү тааныштырган.

"Бул каттагы эң маанилүү жагдай — эгер Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Европа комиссиясы көрсөткөн бардык жол-жоболорду жана талаптарды өз убагында аткарса, анда Евробиримдиктин “кара тизме” боюнча миссиясы 2026-жылдын март айында Кыргызстанга келет. Бул Евробиримдик тарабынан жүргүзүлө турган акыркы аудит болот", — деп түшүндүрдү агенттиктин жетекчиси.

Мындан тышкары окуңуз

Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

8-октябрда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, жолугушууда Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү жана Дүйнөлүк банктын колдоо механизмдери талкууланды. Тараптар Агенттиктин учурдагы иштери жана "Сужан" долбоорунун абалы боюнча

Ишкер Media
Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Жыйында энергетикалык абал, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларды жана бюджеттик мекемелерди кышка даярдоо, отун менен камсыздоо жана калкты көмүр менен камсыздоо маселелери каралды. Маалыматка ылайык, 2026-жылы республика боюнча

Ишкер Media
Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Кечээ Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Файдын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо жана коомдук транспорттун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды. Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Франциянын делегациясынын өкүлдөрү жана

Ишкер Media
Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Экономика жана коммерция министрлиги акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, ошондой эле жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды камтыган бирдиктүү реестрди бекитүүнү коомдук талкууга сунуштады.  Документ мамлекеттик кызматтар тууралуу маалыматтарды системалаштырууга, аларды көрсөтүү шарттарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана реестрди үзгүлтүксүз жаңыртып турууга багытталган. Маалыматка ылайык, реестрге кызматтын аталышы, аны көрсөтүүгө жооптуу

Ишкер Media