Бишкек мэриясы транспорттук каражаттарды сатуу аукционун жарыялады

Бишкек мэриясы транспорттук каражаттарды сатуу аукционун жарыялады

Муниципалдык мүлк  башкармалыгы Бишкек шаарынын мэриясына таандык транспорттук каражаттарын сатуу боюнча аукцион жарыялады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 77 лоттон турган аукцион 2026-жылдын 13-мартында саат 10:00дө Бишкек шаарынын Чокморов көчөсү, 246 дарегинде башталат. Арыздар 2026-жылдын 9-мартына чейин кабыл алынат.

"Ачык аукционго катышуу үчүн талапкерлер Муниципалдык мүлк башкармалыгына лоттун номерин, өздүгүн тастыктаган документти жана күрөө депозитин (баштапкы сумманын 10%ы) төлөгөндүгүн тастыктаган төлөм документтерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арызды тапшырышы керек", - деп айтылат маалыматта.

Суроолор боюнча Чокморов көчөсү, 246 дареги боюнча же 0312 979 195 (4220) телефону аркылуу Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорту 200 млн долларга жакындады

Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорту 200 млн долларга жакындады

Кыргызстандын жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорту дээрлик 200 млн долларга (болжол менен 17,1 миллиард сом) жеткенин парктын директору Азис Абакиров билдирди. Анын айтымында, ИТ-компаниялардын экспорт көлөмү өлкөнүн жалпы экспортунун болжол менен 7%ын, ал эми ички дүң продукциясынын (ИДП) дээрлик 1%ын түзөт. Азис Абакиров белгилегендей, масштаб жагынан бул

Ташкент-Ош авиакаттамы 1-апрелден тарта ачылат

Ташкент-Ош авиакаттамы 1-апрелден тарта ачылат

Ташкент–Ош багытындагы жаңы аба каттамы 1-апрелден тартып ачылат. Каттамды өзбекстандык Centrum Air жеке авиакомпаниясы Airbus A320 үлгүсүндөгү учактар менен жүргүзөт. “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасы билдиргендей жаңы авиа каттам жумасына эки жолу - шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Учуу узактыгы 1 саат 10 мүнөт. Ал эми авиабилеттердин минималдуу баасы эки

Айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча жаңы чаралар көрүлөт

Айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча жаңы чаралар көрүлөт

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өткөн кеңешме жыйынында өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация тармактарын өнүктүрүү боюнча алдыдагы жылдарга карата стратегиялык пландар талкууланды. Бул тууралуу Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов билдирди. Анын айтымында, багбанчылык тармагында фермерлерди сапаттуу жана сертификатталган мөмө-жемиш көчөттөрү

Кыргызстанда “жашыл” турак жай куруу маселеси талкууланды

Кыргызстанда “жашыл” турак жай куруу маселеси талкууланды

Кечээ Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бакай Турдугулов Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) миссиясынын өкүлү Джакомо Жианетто менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туруктуу турак жай куруу чөйрөсүндөгү долбоорду ишке ашыруунун негизги уюштуруучулук жана техникалык маселелерин талкуулады. Анын негизинде долбоорду ишке ашыруу тобун (PIU)