Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май кору эки айга жетет — нефть трейдерлери
Кечээ Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү Кыргызстандагы эң ири нефть трейдерлери менен жолугушуу өткөрүштү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда мунай заттарынын кору, баа абалы жана мунай продукцияларын ички рынокко туруктуу жеткирүү маселелери каралды.
"Сакталып жаткан геосаясий чыңалуу шартында күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы кырдаал кызматтын көзөмөлүндө жана кыска мөөнөттө өлкөнүн ички рыногуна терс таасирин тийгизбейт. Мунай продукцияларын бажы төлөмүсүз жеткирүү Кыргызстан менен Россиянын энергетика министрликтеринин ортосундагы өкмөттөр аралык келишимдин алкагында, бекитилген индикативдик баланс негизинде жүргүзүлүүдө. Бул механизм жеткирүүлөрдүн көлөмүнүн туруктуулугун камсыз кылып, тышкы тобокелдиктерден ички рынокту кошумча коргойт", — деп айтылат билдирүүдө.
Нефть трейдерлеринин маалыматына караганда, учурда күйүүчү май рыногундагы кырдаал туруктуу бойдон калууда. Мунай продукцияларын жеткирүү планга ылайык үзгүлтүксүз жүргүзүлүлүп жатат жана мунай продукцияларынын кору эки айга жетет.
Белгиленгендей, январь айында республикада бензин менен дизелдик күйүүчү майдын баасы литрине 3 сомго чейин төмөндөгөн.
Нефть трейдерлеринин айтымында, учурдагы баа өзгөрүүсү чектелген мүнөздө. Базарга күйүүчү майдын жаңы партиялары келип түшкөн сайын чекене баалар кайра каралышы мүмкүн. Ошол эле учурда күйүүчү-майлоочу майдын кийинки баа динамикасы Россиядагы нефть иштетүүчү заводдор түзгөн дүң бааларга көз каранды болот.
Өз кезегинде нефть трейдерлери ушул жылдын аягына чейин мунай продукцияларын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууга даяр экенин билдиришти.