Кыргызстанга алып келинген унаалар 10 күндө каттоодон өтүшү керек
Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Кыргызстанга алып келинип, бажыдан өткөрүлгөн унаалар кайсы мөөнөттө каттоодон өтүшү керек экенине кызыкты.
Ал жарандар милиция кызматкерлери мамлекеттик номерлери жок айдап жүргөн унааларын айып короого коюп жатканы боюнча даттанып жатканын белгиледи.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун директорунун орун басары Толубай Жакишев унаалар 10 күнгө чейин мамлекеттик номерсиз жүрө ала турганын айтты. Анын айтымында, ушул мөөнөт ичинде унаа ээлери "Унаа" аймактык бөлүмдөрүнө барып, унааларын каттатышы жана мамлекеттик номер алышы керек.
Эгер бул мөөнөттөн ашып кетсе, анда айып пул төлөнөт деп кошумчалады чиновник.