Чет өлкөлүк номерлүү, мыйзамсыз унаалар сыртка чыгарылат же утилдештирилет
Кыргызстанда чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар, легалдаштыруудан өтпөгөн автоунааларды жөнгө салуу боюнча президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документке ылайык, мындай унаалардын ээлерине 2026-жылдын 1-майына чейин алардын кийинки тагдырын өз ыктыяры менен чечүү үчүн мөөнөт берилет. Тактап айтканда, автоунааны өлкөдөн чыгарып кетүү, тетиктерге сатуу же утилдештирүү каралган.
Эгерде белгиленген мөөнөттө талаптар аткарылбаса, автоунаалар мажбурлап атайын токтотуучу жайларга киргизилип, андан соң утилдештирилет.
Ички иштер министрлигине мындай унааларды ээлерине милдеттенме алуу менен кайра берүү, ошондой эле айып токтотуучу жайларда сактоо баасын суткасына 50 сомго чейин төмөндөтүү сунушталды.
Мамлекеттик чек ара кызматына автоунааларды өлкөдөн тоскоолдуксуз чыгарып кетүүнү камсыз кылуу тапшырылат. Мындан тышкары, чет өлкөлүк номерлүү автоунаалардын өлкөгө кирүүсүн мамлекеттик маалымат системаларында милдеттүү түрдө каттоо жана ээсине тастыктоочу документ берүү пландалып жатат.