ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат
Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып пулга жеңилдик берилбейт — ал толугу менен төлөнүшү керек.
Эгерде сиз жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысына күбө болсоңуз, видео же сүрөттү WhatsApp аркылуу 0777102102 номерине жөнөтө аласыз.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүшөт.