Кыргызстанда Беларусь тракторлорун жыйноо жана өндүрүүчү завод куруу пландалууда
Кыргызстанда Беларусь тракторлорун жыйноо жана өндүрүүчү завод куруу пландалууда. Бул маселе 9-ноябрда Айыл чарба минстри Эрлист Акунбековдун Беларусь Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Минск трактор заводунда (МТЗ) каралды.
Эрлист Акунбеков Кыргызстанда машина-трактор паркын жаңылоо жана дыйкандарды жеткиликтүү техника менен камсыздоо артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жергиликтүү өндүрүш техниканын өздүк наркын жана жеткирүү чыгымдарын төмөндөтүүгө шарт түзөрүн айтты.

Мындан тышкары, "Белнефтехим" концерни менен продукция жеткирүү, "Ждановичи" агрокомбинаты менен жашылча жана сүт продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү багытында кызматташуу маселелери каралды.
Алар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкты, 2027–2029-жылдарга карата жол карталарын жана аймактар ортосунда боордоштук байланыштарды өнүктүрүүнү камтыйт.