Чүйдө мамлекеттик унаа лабораториясы ачылды
Сокулук районунун Ак-Жол айылында №1 мамлекеттик сыноо лабораториясы ачылды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Иш башкармалыганын билдирди.
Билдирүүгө караганда, лаборатория заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Бул жерде жеңил автоунаалар, оор жүк ташуучу унаалар жана атайын техника текшерилет.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу тууралуу күбөлүк (СБКТС) жана электрондук паспорт (ЭПТС) таризделет.
Президенттин Жарлыгына ылайык, өлкө боюнча беш мамлекеттик сыноо лабораториясы ишке киргизилген. Учурда алардын баары жарандарды кабыл алууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу