Талантбек Солтобаев Арашан–Чуңкурчак жолундагы курулушту текшерди

Талантбек Солтобаев Арашан–Чуңкурчак жолундагы курулушту текшерди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапарынын алкагында Чүй облусундагы бир катар жол инфраструктуралык объектилерин жеринен көрүп чыкты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Бишкек–Ала-Арча веложолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, долбоорду сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Кашка-Суу–Чуңкурчак унаа жолунун учурдагы абалы каралып, жолдун эксплуатациялык шартын жакшыртуу маселеси талкууланды.

Мындан тышкары, Талантбек Солтобаев Арашан–Чуңкурчак унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштерин текшерип, аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

“Ар бир жол долбоору элдин коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн кызмат кылышы керек. Ошондуктан курулуш иштеринде сапат биринчи орунда болушу зарыл”, — деди министр.

Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга курулуш иштерин ылдамдатуу, техникалык көзөмөлдү күчөтүү жана жолдордун сапатын камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты