"Түндүк–Түштүк" жолунда үч жол тейлөө пункту курула баштады

"Түндүк–Түштүк" жолунда үч жол тейлөө пункту курула баштады

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Түндүк–Түштүк" альтернативдүү унаа жолунда үч жол тейлөө пунктунун курулушун баштады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, тейлөө пункттары Балыкчы–Жалал-Абад жолунун 107-, 261- жана 358-чакырымдарында жайгашат.

Учурда курулуш иштери Кызарт жана Сузак аймактарында жүрүүдө. Ал эми Сары-Камыштагы 261-чакырымдагы курулуш тиешелүү документтер толук бүткөндөн кийин башталат.

Долбоордун негизги максаты — жол тейлөө иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, жол кызматкерлеринин шарттарын жакшыртуу жана кооптуу аймактардагы иштердин натыйжалуулугун арттыруу.

Белгиленгендей, жол тейлөө пункттары сел жүрүү, таш кулоо жана кыш мезгилинде көчкү түшүү коркунучу жогору болгон аймактарда курулууда. Бул авариялык кырдаалдарда жана көчкү учурларында кооптуу тилкелерге ыкчам жетип, өз убагында чара көрүүгө шарт түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты