Бүгүндөн тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилет

Бүгүндөн тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилет

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизерин маалымдады.

Чектөө жайкы мезгилде абанын температурасы жогору болгон учурда автомобиль жолдорунун бузулушун алдын алуу, алардын техникалык абалын сактоо жана пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынган.

Министрликтин маалыматына ылайык, күндүз абанын температурасы +28°C жогору болгондо саат 10:00дөн 20:00гө чейин жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө коюлат.

Ошол эле учурда бул талап жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортко, гуманитардык жардам жеткирген унааларга, тез бузулуучу азыктарды жана кооптуу жүктөрдү ташуучу транспорт каражаттарына жайылтылбайт. Мындан сырткары атайын уруксат менен ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган унааларга жана жол куруу, реконструкциялоо иштерине тартылган мекемелердин техникаларына да чектөө колдонулбайт.

Убактылуу чектөөнүн аткарылышын көзөмөлдөө Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин көчмө топтору тарабынан транспорттук көзөмөл пункттарында жана жол кыймылынын коопсуздугуна тоскоолдук жаратпаган аймактарда жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт