Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Октябрь айылында реконструкцияланган эс алуу багы жана 196 орундуу жаңы кинотеатр пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ачылыш аземине президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Маалыматка ылайык, 1,5 гектар аянтты ээлеген эс алуу багын оңдоого 31 млн 882 миң сом, кинотеатрдын курулушуна 33 млн 314 миң сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, долбоорлорду ишке ашырууга облустук өнүктүрүү фондунан 26 млн сом багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда