Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты
Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Ош облусунун калктуу конуштарын суу менен камсыздоого багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.
Парламенттин маалымат кызматынан билдиргендей, аны министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.
Мыйзам долбоорун суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев тааныштырды.

Ал белгилегендей, ратификациялана турган макулдашууга ылайык Ош облусунун Кара-Суу (26 айыл) жана Өзгөн (6 айыл) райондорундагы 178 миңден ашуун айыл тургунун борборлоштурулган, таза суу менен камсыз кылуу максаты коюлган.
Тагыраагы, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду 60 млн доллар өлчөмүндөгү насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө.
Талкуу маалында депутат Уланбек Жаанбаев Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө БСР куруу маселесин көтөрсө, депутат Адилет Белеков Тогуз-Торо районунун Казарман айылын ичүүчү суу менен камсыз кылууга көңүл бурду.
Ал эми депутат Улан Бакасов Нарын облусундагы калктуу конуштардын ичүүчү суу менен камсыз болуу деңгээлине кызыкты.
Жыйынтыгында комитет аталган мыйзам долбоорун колдоду.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу