Бүгүндөн баштап жол эрежесин бузгандарды жаңы камералар аныктайт

Бүгүндөн баштап жол эрежесин бузгандарды жаңы камералар аныктайт

Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө аныктоочу жаңы программалык-аппараттык комплекстер расмий түрдө ишке киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жаңы система Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгып, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын алдындагы Техникалык борборго пайдаланууга берилди.

Учурда комплекстер орнотула турган аймактарда даярдык иштери жүргүзүлүп, тиешелүү жол белгилери, "Фотовидеофиксация" эскертүү белгилери жана ылдамдыкты чектөө белгилери коюлууда.

Жаңы система жол кыймылынын эрежелерин бузган бир катар учурларды автоматтык түрдө каттайт. Алардын катарына белгиленген ылдамдыкты ашыруу, коопсуздук курун тагынбоо, унаа айдап бара жаткан учурда уюлдук телефон колдонуу жана каршы тилкеге чыгуу сыяктуу мыйзам бузуулар кирет.

ЖКККББнын маалыматына ылайык, заманбап технологияларды колдонуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жол кырсыктарынын санын азайтууга жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди