Бишкекте аэропортко альтернативдүү жол куруу пландалууда

Бишкекте аэропортко альтернативдүү жол куруу пландалууда

Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарындагы стратегиялык мааниге ээ инфраструктуралык объектилер боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө “Манас” эл аралык аэропортуна алып баруучу альтернативдүү автомобиль жолун куруу маселеси каралды. Долбоор борбор калаа менен аэропорттун ортосундагы транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана унаа тыгындарын азайтууга багытталган.

Ошондой эле “Экспо Кыргызстан” эл аралык көргөзмө борборун куруу боюнча кеңешме өтүп, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен “Кыргыз Экспорт” ААК тарабынан даярдалган концепция сунушталды. Катышуучулар объекттин негизги параметрлерин, функционалдык багытын жана жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев “Манас” эл аралык аэропортун реконструкциялоо долбоорунун жүрүшү менен таанышып, аэровокзал комплексин кеңейтүү, инфраструктураны жаңылоо жана ага чектеш аймактарды көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп чыкты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди