Бишкектин Месарош көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

Бишкектин Месарош көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Месарош көчөсү Профсоюз көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин улантууда. Бул иштер 2026-жылга карата титулдук тизменин алкагында жүргүзүлүп жатат.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, учурда объектте асфальт-бетон жабуусун төшөө иштери жүрүүдө. Оңдолуп жаткан жол тилкесинин жалпы узундугу 1350 метрди түзөт.

Долбоорду ишке ашырууда ресайклер атайын заманбап технологиясы пайдаланылууда. Бул ыкма жол жабуусун бекемдеп, сапатын жогорулатып, анын мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк берет.

Пландалган бардык иштер аяктагандан кийин борбор калаанын тургундары жана коноктору заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу жол инфраструктурасын пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат.

 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди