Түндүк айланма жолундагы иштерге текшерүү жүргүзүлдү

Түндүк айланма жолундагы иштерге текшерүү жүргүзүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин буйругуна ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Алматы – Бишкек – Ташкент унаа жолунун 230,7 – 255,0-чакырымын жана Бишкек – Балыкчы –Нарын– Торугарт унаа жолунун 0 – 9,1-чакырымын (Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолу) бөлүгүн реконструкциялоо долбоорунда мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мониторингдин негизги максаты – курулуш, архитектура жана шаар куруу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын, техникалык регламенттердин жана курулуш ченемдеринин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле курулуш-монтаждоо иштеринин сапатына көзөмөлдү күчөтүү болуп саналат. Жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзгөн объектте реконструкциялоо иштери “Чайна Роуд” ЖЧКсы тарабынан аткарылып жатат. 

Текшерүү учурунда төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду: 
курулуш-монтаждоо иштеринин долбоордук чечимдерге ылайык аткарылышы; 
аткарылып жаткан иштердин сапатынын курулуш ченем жана мамлекеттик стандарттарга шайкештиги; 
курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатын тастыктаган сертификаттардын жана лабораториялык сыноолордун жыйынтыктарынын болушу; аткаруу журналдарынын жана аткаруучулук-техникалык документтердин талаптагыдай жүргүзүлүшү; 
эмгекти коргоо талаптарынын сакталышы; 
курулуш аянтында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана убактылуу жол белгилеринин орнотулушу. 

Мониторингдин жыйынтыгында подряддык уюм “Чайна Роуд” ЖЧКсына курулуш иштеринин сапатын туруктуу көзөмөлдөп туруу, ошондой эле курулуш материалдарынын сапаты боюнча лабораториялык текшерүүлөрдү өз убагында жүргүзүү боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, сунуштар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media