Түндүк – Түштүк жолу тазаланып, жол ачылды
Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 260–274-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, жеринде министрликтин атайын техникалары тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол ачылды.
Транстопрт минстрлиги айдоочулардан жол кыймылынын эрежелерин жана ылдамдыкты так сактоону өтүнөт.