Бишкек шаарындагы Исакеев көчөсүнүн жолу оңдолууда
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан Исакеев көчөсү Достоевский көчөсүнөн Виноградная көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, капиталдык оңдоодон өтүп жаткан жолдун узундугу 1100 метрди түзөт.
Долбоордун алкагында заманбап жол жабуусун төшөө менен катар жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана жаан-чачын сууларын агызуу үчүн ирригациялык система куруу каралган.
Бул долбоор шаардык инфраструктуранын сапатын жакшыртууга, жол коопсуздугун камсыз кылууга жана борбор калаанын тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.