Жалал-Абад облусундагы жолдун курулуштары текшерилди

Жалал-Абад облусундагы жолдун курулуштары текшерилди

4-июнда Талантбек Солтобаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, бир катар жол курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу  Транспорт жана коммуникациялар министрлигнинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Барпы–Сафаровка жолунда 25 чакырымдын ичинен 5 чакырымы асфальттоого даярдалып, калган бөлүгүндө жерди түздө иштери жүрүп жатат. Министр иштин сапатына көңүл буруп, кемчиликтер боюнча подрядчыга эскертүү берди.

Андан соң Манас–Багыш жолунда казуу иштери 90%га аяктап, жакынкы күндөрү шагыл төшөө баскычына өтүү пландалууда.
№22 жол тейлөө мекемесинин абалы да каралып, инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер талкууланды.

Манас–Благовещенка жолунда учурда жер иштери жана шагыл төшөө иштери жүрүүдө. Бул долбоор ишке ашса, шаар ичиндеги тыгындарды азайтууга өбөлгө түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди