Балыкчы – Каракол жолунда асфальт басуу иштери жигердүү жүрүүдө
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 126,0 – 134,0 чакырым аралыгында оңдоп-түзөө иштери активдүү жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына караганда, жолдун оң тарабындагы 126-134-чакырымга чейинки тилкеде биринчи катмардагы асфальт-бетон төшөө иштери толук аяктады.
Сол тарабында 126-127+500-чакырымга чейинки аралыкка асфальт төшөлдү. Мындан сырткары, 126-131-чакырымга чейинки бөлүктө жолдун негизин даярдоо иштери аткарылып, учурда праймкодго даярдык көрүлүүдө.
Долбоордун алкагында жолдун инженердик курулмаларын куруу иштери да параллелдүү жүрүүдө. Тактап айтканда, 140+224-чакырымында (Каракол багыты боюнча №2 участокто) оң жана сол тараптагы арматураланган темир-бетон тирөөч дубалдарын бетондоо иштери бүттү.
Учурда аталган тилкеде тирөөч курулмаларынын негизги бөлүгүн бетондоо, 135+275-чакырымында оң тарапка арматураланган темир-бетон тирөөч дубалдарын бетондоо иштери жүрүүдө.