Түндүк – Түштүк жолу таштардан тазаланды

Түндүк – Түштүк жолу таштардан тазаланды

Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 271-чакырымына түшкөн таш көчкү толук тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 243-280-чакырым аралыктарына дагы таш көчкү түшүп, жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери улантылууда. Учурда бир тараптуу жол ачык, каттам бар. 

Белгилей кетсек, 4-июнда саат болжол менен 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылган. 


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен
Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда