“Биримдик-Кут” конушуна 2 чакырым кошумча жол курулат

“Биримдик-Кут” конушуна 2 чакырым кошумча жол курулат

Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна алып чыгуучу Лебединовка - ГЭС-5 унаа жолун оңдоп-түзөө иштери графикке ылайык кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, узундугу 5,1 чакырымды түзгөн бул жолдун бурулуш тилкелеринде суу өткөрүүчү түтүктөрдү куруу иштери толук аяктады. Чоң Чүй каналынан өтүүчү чоң көпүрөнүн жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн курулуштары бүттү.

9 см калыңдыкта асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлдү. Учурда тротуар куруу, жарыктандыруучу мамылардын пайдубалдарын бетондоо, ошондой эле аялдама аянтчаларын куруу үчүн негизди даярдоо жана бордюрларды орнотуу иштери жүрүүдө. 

Лебединовка– ГЭС-5 унаа жолун август ичи бүткөрүү каралган.Мындан тышкары, негизги жолго катар “Биримдик-Кут” жаңы конушуна алып баруучу дагы 2 тилкелүү, узуну 2 чакырым болгон кошумча жол курулат. Ал жолдо бордюрларды, лотокторду орнотуу жана жолдун негизин төшөө иштери жасалып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Лебединовка – ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилип жана ага кошумча жөө жүргүнчүлөр үчүн дагы жаңы көпүрө курулуп, колдонууга берилген.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media