Кырчын жайлоосуна алып баруучу жол оңдолуп жатат

Кырчын жайлоосуна алып баруучу жол оңдолуп жатат

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосуна алып баруучу негизги жолдордун бири Григорьевка – Көл–Кашка-Суу унаа жолунда курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Ысык-Көл районундагы Григорьевка – Көл–Кашка-Суу жолунун 14 чакырым тилкесинде жолдун негизин даярдоо жана көпүрө куруу иштери аткарылууда.

Долбоор мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен каржыланып, Семёновка – Ак-Суу жолунун 21 чакырымы жана Григорьевка – Көл–Кашка-Суу жолунун 14 чакырымы жаңыланууда. Жалпысынан 34 чакырым жол оңдолот.

Бүгүнкү күнгө чейин 18 чакырым жолго асфальт төшөлүп, калган бөлүктөрүндө жолдун негизин даярдоо жана жасалма курулмаларды куруу иштери уланууда.

Жолдун жаңыланышы туристтердин агымын көбөйтүп, алдыда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүгө шарт түзөрү айтылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда