Кыргызстандан Германияга аба каттамы ачылат

Кыргызстандан Германияга аба каттамы ачылат

Кыргызстан 2027-жылы Германияга түз аба каттамдарды ачат, учуулар эң акыркы үлгүдөгү Airbus A321 лайнерлери менен аткарылат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

М.Самидиновдун айтымына караганда, үстүбүздөгү жылдын март айында эки жаңы аба кемесин сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Алыскы аралыкка учуучу учактарды сатып алуу чечими Кыргызстан эл аралык аудиттен ийгиликтүү өтүп, Европа биримдигинин “кара тизмесинен”чыгарына бекем ишеним менен кабыл алынган.

“Биз кара тизмеден чыгуу долбоорунун ийгиликтүү жыйынтыкталарына ишенгендиктен, Европага уча ала турган лайнерлерди сатып алганбыз. Бул учактар 2027-жылдын март айында келет жана Кыргызстандын жарандык авиациясынын флагмандары болуп калат”, – деди Манасбек Самидинов.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда