Жылуулук режимин сактабаган оор жүк ташуучу унааларга карата рейд өткөрүлдү

Жылуулук режимин сактабаган оор жүк ташуучу унааларга карата рейд өткөрүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаментинин аймактык башкармалыктарынын мобилдик топтору унаа жолдорунда жылуулук режиминин сакталышы боюнча рейддик иш-чараларды улантууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 1-июндан тартып 9-июнга чейин республика боюнча жалпысынан 41 укук бузуу фактысы катталган.  

Эрежеге баш ийбегендерге карата 830 миң сом суммасында айып пул салынды. Мыйзам бузгандардын 38и жеке жактар болсо, үчөө юридикалык жактар болуп саналат. 
Ал эми 9-июнда Чүй айланма автоунаа жолунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында 8 укук бузуу фактысы аныкталды. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүк ташуу менен алектенген тараптарды жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу жана алардын пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында киргизилген жылуулук режимин так сактоого чакырат. 

 

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз аңчылык кылгандар эркиндигинен ажыратылат

Мыйзамсыз аңчылык кылгандар эркиндигинен ажыратылат

Президент Садыр Жапаров браконьерлик үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзамга кол койду. Эгер мыйзамсыз аңчылык кылуу, балык же суу жаныбарларын кармоо олуттуу зыянга алып келсе, мыйзам бузган адамга 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салынат же 2 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мыйзамсыз аңчылык же балык уулоодо унаа, сүзүүчү каражат, авиация,

Wildberries'теги кырдаалга байланыштуу ишкерлерди колдоо чаралары аныкталды

Wildberries'теги кырдаалга байланыштуу ишкерлерди колдоо чаралары аныкталды

Экономика жана коммерция министрлиги Wildberries соода аянтчасына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам ишкерлерди колдоонун кошумча чараларын карап жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 27-июлда экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын төрагалыгы алдында ишкерлерди жеңилдетилген шарттарда насыялоо долбооруна катышкан финансы-кредиттик уюмдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү. Жолугушууда

Улуттук банктын эсептик чени 12%дык деңгээлде калтырылды

Улуттук банктын эсептик чени 12%дык деңгээлде калтырылды

Улуттук банк Башкармасынын 27-июлундагы отурумунда эсептик ченди 12%дык деңгээлинде калтыруу чечими кабыл алынган. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Маалыматка ылайык, Глобалдык экономикада түзүлгөн тенденциялар Жакынкы Чыгышта абалдын курчушу алкагында КРдагы инфляциялык процесстерге таасир этишин улантууда. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баанын

Кара-Ойдогу кафеде саркынды суулардын ташып кеткени тастыкталды

Кара-Ойдогу кафеде саркынды суулардын ташып кеткени тастыкталды

Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан “Академия наук” эс алуу жайынын аймагындагы тамактануучу жайга саркынды суулардын ташып кетишине байланыштуу 10 миң сом айып салынды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиргендей, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгы интернет булактарында тараган маалыматтардан кийин эс алуу жайында