Манас – Багыш жолу курулууда
Манас шаарынан Багыш айылына чейин жаңы унаа жолу салынууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда асфальт басууга даярдык көрүлүүдө. Жаңы унаа жол мурдагы эски темир жолдун ордуна салынууда. Узундугу – 12.5 чакырымды түзүп, 4-6 тилкелүү болот.
Курулуш иштеринин жүрүшүндө 1-этаптагы маанилүү жумуштар аткарылып бүттү. Тактап айтканда, эски темир жолдун конструкциялары толугу менен бузулуп, аймактан чыгарылды. Адистер тарабынан бардык техникалык талаптар сакталып, иштер өз ыргагында аткарылууда.
Жер казуу иштери жыйынтыкталып, учурда жолдун негизин тегиздөө жана шагыл төшөө процесси жүрүп жатат.
Курулуш объектисинде 60 жумушчу жана 53 даана атайын техникалар тынымсыз иштеп жатат. Жолдун сапаты жана курулуштун жүрүшү министрликтин көзөмөлүндө.