“Манас” университетин аралап өтчү жолду ачуу иштери башталды

“Манас” университетин аралап өтчү жолду ачуу иштери башталды

11-июнда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагын аралап өткөн жолду ачуу иштери башталды. Буга байланыштуу окуу жайдын айланасындагы тосмолор алынып жатат. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди жолду ачуу ишин саясатташтырбоо керектигин айтты.

“2016-жылы ушул университеттин тапшырмасы менен Б.Миңжылкиев жана Анарбек Бакаев көчөсүн көрсөтүшкөн. Тиешелүү документтер даярдалып, чечимдер кабыл алынган. Демек, бул жол башында эле бар эле. 2026-жылы Бишкектин башкы планы иштелип жатканда университет жолго байланыштуу сунуш берген эмес”, - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоорун бекитип, мэрия жаңы картаны 11-майда жарыялаган. Бул документте Б.Миңжылкиев көчөсү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагын кесип өтүп, Ч.Айтматов проспектисине кошулары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, Анарбек Бакаев көчөсү да окуу жайдын аймагына кирип, Тыналиев көчөсүнө кошулат.

Мындан тышкары окуңуз

Соң-Көлдө жайыт мыйзамдарын бузгандар 82,5 миң сомго айыпка жыгылды

Соң-Көлдө жайыт мыйзамдарын бузгандар 82,5 миң сомго айыпка жыгылды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгы жайыт жерлерин коргоо жана жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына ылайык, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор, Ак-Талаа райондорунун мамлекеттик администрацияларына

Чаткалдагы жарактан чыккан көпүрө калыбына келтирилет

Чаткалдагы жарактан чыккан көпүрө калыбына келтирилет

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чандалаш айылындагы авариялык абалдагы көпүрөнүн учурдагы абалы менен жеринен таанышты. Райондук админстрациянын маалыматына ылайык, кароо учурунда көпүрөнүн жергиликтүү тургундардын коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч жаратып жаткандыгы белгиленип, абалды тез арада жөнгө салуу маселеси талкууланды. Ошондой эле район акими жергиликтүү калктын каттамын

Караколдо фитосанитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге эскертүү берилди

Караколдо фитосанитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге эскертүү берилди

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын борбордук аппаратынын өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы агроаптекаларда жана гүл саткан соода жайларында мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу Айыл чара министрлигинен билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда Каракол шаарында 13 агроаптека жана 16 гүл саткан дүкөн иш алып барат. Мониторингдин жүрүшүндө фитосанитардык талаптардын сакталышы, өсүмдүктөрдү коргоо

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жайыттарды коргоо боюнча рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. Министрлер Кабинетинин №330 токтомунун талаптарына ылайык өткөрүлүп жаткан рейддердин жүрүшүндө жыл башынан бери жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузган 109 факты аныкталды. Анын негизинде мыйзам бузгандарга жалпы 600 миң сомго жакын административдик айып пул