Нарындагы айланма жол курулуш иштерине байланыштуу жабылды
Бишкек – Нарын - Торугарт унаа жолунун 346-чакырымында айланма жолдо курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, Нарын шаарындагы айланма Жаңы-Жол унаа жолу убактылуу жабылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, жол кыймылын коопсуз уюштуруу жана курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында аталган тилкеде бардык унаа каражаттарынын жүрүүсүнө 20-июнга чейин чектөө киргизилет.
Министрлик айдоочулардан алдын ала маршруттарын пландап, жол белгилеринин талаптарын сактоону жана мүмкүнчүлүк болсо альтернативдүү жолдорду колдонууну өтүнөт.