Түндүк – Түштүк жолу таштардан тазаланууда

Түндүк – Түштүк жолу таштардан тазаланууда

Транспорт инфраструктурасын жакшыртуу жана унаа жолдорунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында №18 Жол тейлөө мекемеси тарабынан Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунда бир катар оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, аталган унаа жолунун 243-296-чакырым аралыгында тоо бетинен кулап түшкөн таш көчкүлөрдү тазалоо иштери үзгүлтүксүз улантылууда. 

Ошондой эле, учурда 260-чакырымдагы ДРП салынуучу тилкеде иштер аткарылып, эки механикалык жүктөгүч  иш алып барууда.
Мындан тышкары, Казарман – Акталчат унаа жолунун 8–99-чакырым аралыгында автогрейдер аркылуу жолду калыбына келтирүү, кырып тегиздөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Ал эми Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 1-3-чакырым аралыгындагы кооптуу тилкелерге жол коопсуздугун камсыздоо максатында парапет орнотуу иштери аткарылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда