Бириккен Араб Эмиратынан Ысык-Көлгө аба каттамдарын ачуу пландалууда

Бириккен Араб Эмиратынан Ысык-Көлгө аба каттамдарын ачуу пландалууда

Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы менен болгон жолугушууда Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкууланды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын жайкы туристтик сезонуна карата Шарджа – Ысык-Көл багытында жаңы авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Эгерде бул долбоор ишке ашса, Перс булуңундагы өлкөлөрдүн жарандары жана коноктору Борбордук Азиянын эң кооз жерлеринин бири болгон Ысык-Көлгө мурдагыдан да тез жана ыңгайлуу жете алышат. Учурда тараптар келечектеги учуу программасынын деталдарын, анын ичинде каттамдарды ишке киргизүү мөөнөттөрүн жана аларды аткаруунун жыштыгын талкуулоону улантылууда.

Мындан тышкары, 2026-2027-жылдары кышкы туристтик сезонуна карата Шарджа – Каракол багыты боюнча авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгү да талкууланды. Каракол бүгүнкү күндө кышкы эс алууну сүйүүчүлөр үчүн эң кызыктуу багыттардын бирине айланып баратат, андыктан түз аба байланышы бул шаарды чет өлкөлүк туристтер үчүн дагы жеткиликтүү кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Скульптура өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айланткан – Айдарбек Айткулов

Скульптура өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айланткан – Айдарбек Айткулов

Чыгармачылык өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айландырган Айдарбек Айткулов бүгүн командасы менен Кыргызстандагы ири скульптуралык жана декоративдик долбоорлорду ишке ашырып келет. Ал үчүн ар бир буйрутма жөн гана жумуш эмес, өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк. Ошондуктан ар бир долбоорду сапатка өзгөчө көңүл буруп, майда-баратына чейин кылдат аткарууга аракет кылат. Каарманыбыз “Ишкер” Медиага берген

Мамлекеттик иш сапарларга байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

Мамлекеттик иш сапарларга байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

30-июлдан 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчсы Аскат Алагөзов билдирди. Маалыматка ылайык, бул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө.  Мындан сырткары, бир катар

Радиотерапиялык жабдууларды тейлөөгө 18 миллион сом бөлүнөт

Радиотерапиялык жабдууларды тейлөөгө 18 миллион сом бөлүнөт

27-июлда Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав менен биргеликте Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, анда “Бабатрон” аралыктан нур менен дарылоо аппараты үчүн жаңы Кобальт-60 радиоактивдүү булагын расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка караганда,

Учактагы орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат

Учактагы орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат

Авиакомпанияларга борттогу орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чечим жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, авиациялык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана тастыкталган авиабилети бар жүргүнчүлөрдү ташуудан негизсиз баш тартуу учурларын болтурбоо максатында кабыл алынды. Буга байланыштуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК Кыргызстандын аэропорттору аркылуу каттамдарды аткарган