Бишкек – Ош темир жолун куруу демилгеленди

Бишкек – Ош темир жолун куруу демилгеленди

Депутат Илимбек Кубанычбеков Бишкек – Ош темир жолун куруу керек деп эсептейт. Ал бул тууралуу парламенттин жыйынында билдирди.

Илимбек Кубанычбеков алавиабилеттин кымбаттыгынан жарандар унаа менен жүрүүгө аргасыз болуп жатканын, бирок Ош-Бишкек жолунда жол кырсыктары көп катталып жатканын белгиледи. 

"Ошондуктан темир жолду куруу мүмкүнчүлүгүн кайра карап чыгууну сунуштайм. Бул жарандар үчүн эң коопсуз транспорт болот", - деп билдирди депутат. Ошондой эле Министрлер кабинетинен долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну өтүндү.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда